FM 102.6 жыштыгында иш алып барчу жаңы радионун максаттуу аудиториясы – жаштар. Уналгы суткасына 24 саат бою кыргыз жана орус тилинде иш алып барат. CHR форматындагы бул радиостанция азыр Талас шаарында гана тартууда. Жакынкы күндөрү аны Талас аймагына толук уктуруу иш-чаралары көрүлүүдө. (ElenK)