28-майда баштала турган бул конгрессте түрк цивилизациясынын ааламдашуу доорунда ээлей турган орду талкууланмакчы. Ага Орусия, АКШ, Жапония, Индия, Кытай, Италия, Германия, Испания, КМШга кирген өлкөлөрдүн илимпоздору катышат. Буга чейин түрк цивилизациясын изилдөө борбору эки эларалык конгресс жана бир симпозиум уюштурган. Конгресс 31-майда аяктайт. (ZMa)