“Кыргызское взморье” эс алуу жайында өткөн аземге өлкөнүн мамлекеттик катчысы Адахан Мадумаров баштаган расмий бийлик өкүлдөрү жана журналисттер катышты. Жарманкеге туризм тармагында тейлөө көрсөткөн фирмалар, тамак-аш, өнөр-жай жана курулуш товарларын өндүргөн компаниялар чакырылган. Жарманкенин уюштуруучуларынын айтымында, бул иш-чара туристтик компанияларга Ысыккөлдүн курорттук жайлары менен келишим түзүүгө өбөлгө болмокчу. (ZMa)