Москвадагы Останкино телемунарасында бүгүн чакан өрт чыгып, кайра тез эле өчүрүлдү. Өзгөчө кырдаалдар боюнча министрликтин өкүлдөрүнүн билдиргенине караганда, өрт газ менен ширетүү жумштарындагы этиятсыздыктан улам чыккан. Бул жерде буга чейин 2000-жылы өрт болуп, үч адам каза тапкан эле . Андан кийинки өрт 2005-жылдын апрелинде орун алып, бирок эч ким жабыр тарткан эмес.