Мындан пикирин Талас областынын губернатору Быйымбет Мураталиев бүгүн “Азаттыкка” берген интервьюсунда билдирди. Анын айтымында, учурда жергиликтүү элдин басымдуу бөлүгү кечээ Таласта жол тоскондорду колдобоорун билдиришүүдө. “Бул жерде кендердин иштеп башташына каршы кечээкидей жол тосууларды он беш чакты адам уюштуруп жатат. Алар “Жерүй” кени экологияга жаман таасирин тийгизет деп айтканы жөн эле шылтоо. Биз деле мамлекеттин атуулдарыбыз, кантип эле мамлекет жетекчилиги өз жерине жамандык кааласын. Экологдорубуз деле “Жерүй" кенинин иштеп башташында эч кандай коркунуч жок деп айтып жатпайбы. Албетте бул жерде он беш чакты адамдын жеке кызыкчылыгы болуп атат”, деди Б. Мураталиев. Губернатор кандай гана талаштуу маселе болбосун, кечээкидей зомбулук жолу менен эмес, сүйлөшүү аркылуу чечилиши керек деп эсептейт.(MSu)
12:20 Б. Мураталиев: “Жерүй” кенинин иштешине каршы чыгып аткандар мамлекетти ойлобой эле, жеке кызыкчылылыгын көздөп жатышат