Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:57

15:40 Талас областынын ички иштер башкармалыгынын имаратынын алдында эки миңге жакын адам пикетке чыкты


Алар кечээ Таласта Бишкекке кетип бараткан жолду тосуп, өкмөт башчыны коштоп барткан унаага таш ыргыткандыгы үчүн камакка алынган активисттерди убактылуу кармоочу жайдан чыгарууну талап кылышууда. Областтын ички иштер башкармалыгын кызматкерлеринин маалыматына ылайык, имараттын алдына 500дөн ашуун адам чогулду. Ал эми митингчилердин айтымында, наарызылык акциясына бардыгы болуп эки жарым миңге жакын адам чыкты. Таластагы кабарчыбыз билдиргендей, ички иштер башкармалыгынын башчысы Айтбек Нуралиев камакка алынган активисттердин бири Майрамбек Береналиевди эл менен жолуктурду. Ал өз сөзүндө кырдаалды чагымчылар курчутуп атканын айтты.
“Милиция кызматкерлери тарабынан уруп-сабоолор болгон жок. Биз сиздерди тынчтыкка чакырып, тарап кетүүнү суранабыз. Болгон арызыңар менен кагаз жүзүндө гана тиешелүү органдарга кайрылыңыздар”, деди Майрамбек Береналиев. (MSu)

XS
SM
MD
LG