2006-жылы декабрдагы Кочкор районундагы зилзаладан жабыр тарткандарга жардам берүү тууралуу өкмөттүн токтому аткарылбай, 50 млн. сом акча беш айдан бери берилбей турат. Бул тууралуу парламент депутаты Рахат Ирсалиев билдирди. Анын айтымында, Кыргыз мамлекеттик ресурстар депертаментине 12 миң тонна цемент алууга акча каражаты бөлүнгөн. Бирок депертамент алигиче цемент заводу менен толук иш алып бара элек. Жергиликтүү тургундарга курулуш материалдары, шифр жетишпейт,дейт Ирсалиев.