Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:37

Европа Биримдиги украин жетекчилеринин мунасага келүүсүн кубаттады

Биримдиктин тышкы саясат боюнча жооптуу өкүлү Хавьер Солана бул үчүн украин жетекчилерин куттуктаарын билдирди. Кечээ эртең менен президент Виктор Юшенко атаандашы премьер-министр Виктор Янукович менен сүйлөшкөндөн кийин, 30-сентябрда парламенттик шайлоо өткөрүү жөнүндө макулдашышканын жарыялаган. Президент менен өкмөт башчы бул сүйлөшүүдөн соң бир канча жумаларга созулуп кеткен саясий кризиске чекит коюлганын билдиришкен болчу.
XS
SM
MD
LG