Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:29

11:25 Барскоондуктар Таластыктарды колдоо максатында кол чогулта башташты


Бул тууралуу билдирген Эркингүл Иманкожоеванын айтымында, алтын кенине байланыштуу Талас аймагында экологиялык кырсыкты болтурбоону, жергиликтүү элдин кызыкчылыгын көздөгөн жарандык коомдордун мүчөлөрүн укук коргоо кызматы тарабынан камакка алынышы бийликтин кетирген катасы. “Премьер-министрдин жана облустук бийликтин автоунааларына таш ыргыткандар кутумчулар. Барскоондо да Кумтөр ишканасы менен жергиликтүү бийлик тарабынан ушул өңдүү чагымчылыр уюштурулуп, чоң чатак чыгып кете жаздаган”, дейт Иманкожоева. Ал ошондой эле Таластагы маселени калыс, акыйкат, тынч жол менен чечүүнү президент Курманбек Бакиевден өтүнүп, кайрылуу жолдошоорун айтты. (AJ)

XS
SM
MD
LG