Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:32

17:50 Баткенде Мухаммед Пайгамбардын мавлюду (туулган күнү) белгиленди


БАТКЕН. Баткен музыкалык драма театрында уюшулган салтанаттуу жыйынга Баткен губернатору баш болгон жергиликтүү чиновниктер, КРсынын өкмөтүнүн алдындагы дин иштери боюнча агенттиктен, Муфтияттан өкүлдөр жана Баткен коомчулугу катышты. Пайгамбар Мухаммед алекисаламдын туулган күнүнө арналган салтанатта негизинен дин жана ага карата мамилелер, адеп-ахлак жана мусулманчылыкта айтылбаган ашыкбаш каада салттардын көбөйүп кетиши тууралуу кеңири сөздөр айтылды. Элди Жараткандын алдында ыйманга, тазалыкка чакырган үгүттөр айтылып, сахналаштырылган программалар көрсөтүлдү. Ал эми куранды кырааты менен окуу конкурсунан алдынкы орун алган баткендик Нейматилла Бердияровго, Иран Ислам Республикасында өткөрүлө турган конкурска катышууга жолдонмо берилди. Ошондой эле Баткен губернатору Султан Айжигитов облустук казыятка 10 миң сом акчалай салымын тапшырды.(SA)

XS
SM
MD
LG