Раян Крокер жана Хассан Каземи-Куоминин төрт саатка уланган жолугушуусунда эмне жөнүндө сөз болгону маалымдалган жок. Сүйлөшүүлөр “жылуу” маанайда болгону гана белгиленди. Иран менен Акшнын элчилери Ирактагы абалды талкуулоору күтүлгөн болчу. Бул Вашингтон менен Тегерандын ортосундагы 27 жылдан берки алгачкы эки тараптуу расмий сүйлөшүү.