Бул тууралуу кабарлаган «Түркмөнстан хроникасы» оппозициялык сайтынын маалыматына караганда, өлкө чыгышындагы бул шаарда маркум Ниязовдун порттреттери да азайып калган. Узакка созулган башкаруусунун тушунда Сапармурад Ниязов өз өлкөсүндө сандаган эстеликтерин койдуруп, көчөлөр менен заводдорго, а түгүл шаарга да анын ысмы ыйгарылган.