Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:17

Британия Орусиядан Андрей Луговойду өткөрүп берүүнү суроодо

Британиянын Орусиядагы элчиси Тони Брентон британ прокуратурасынын Луговойду өткөрүп берүүнү сураган катын орус прокуратурасына тапшырганын журналисттерге билдирди. Британ тергөөчүлөрү ФСБнын мурдагы кызматкери Александр Литвиненконун өлүмүнө шектүү делген КГБнын мурдагы кызматкери, азыркы ишкер Андрей Луговойго айып тагууга жетиштүү негиз бар экенин буга чейин билдиришкен. Расмий Москва болсо өлкө мыйзамдарына ылайык Луговой берилбестигин айтууда. Луговой өзү болсо мындай айыптоону четке кагып келет. Президент Владимир Путинди катуу сындап келген Литвиненко былтыр ноябрда Лондондо радиоактивдүү полоний заты менен уулануудан каза тапкан болчу.
XS
SM
MD
LG