Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:59

13:45 Бир катар жарандык коомдордун лидерлери билдирүү таратты


Бүгүнкү маалымат жыйынында бейөкмөт уюмдардын башчылары Таластагы тартип коргоо кызматтары тарабынан облустагы укук коргоо уюмдарынын жетекчилеринин камакка алынышына нааразылыгын билдиришип, президент Курманбек Бакиевге, Жогорку Кеңештин депутаттарына бир катар талаптарды коюшту. Анда камакка алынган активистерди бошотуу, “Жерүйгө” байланыштуу маселелерди чечүүгө бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнүн, көз карандысыз экологиялык эксперттердин катышуусунда мамлекеттик комиссия түзүү, Ички иштер министрлигинин кызматкерлеринин куугунтуктоосун токтотуп, тыкат иликтеп, башаламандыкты уюштурган накта башчыларын табуу, маселелерди күч колдонуу менен эмес, сүйлөшүүлөр аркылуу чечүү талабы коюлган. Маалымат жыйынын “Атуулдук коом демократия үчүн коалициясы”, “Коммерциялык эмес бейөкмөт уюмдар Ассоцациясы”, “Интербилим” уюму, “Эл аралык толеранттуулук үчүн” корунун лидерлери уюштурушту. (AJ)

XS
SM
MD
LG