Талас облусундагы эң чоң байлык бул-суу. Өкмөт тарабынан “Жерүй”,”Андаш” ишканаларынан башка кендерди казууга 33 лицензия берилген. Алар Таластагы таза жаратылыштарды, сууларды ууландырып, экологиялык кырсыкка алып келиши мүмкүн. Ошондуктан кендерди жабууну талап кылышкан демилгечилерди колдойм, деп билдирди Токтайым Үмөталиева маалымат жыйынында. Анын айтымында, Талас облусунда 282 мөңгү, таза суунун мол запастары, кызыл китепке кирген чөптүн 22 түрү өсөт. Облус айыл чарба өсүмдүктөрү буурчак, картошка менен эле социалдык абалын жакшыртууга толук мүмкүнчүлүгү бар. (AJ)