Тренинг ЖОЖдордо студенттик уюмдарды кантип түзүү керек деген суроонун тегерегинде өтүп жатат. Жана аларды юридикалык жактан кантип каттап, көз каранды эмес студенттик уюм болуш үчүн кандай иш чаралар көрүлүш керек деген суроолор ачылууда. “Келкел” жаштар уюмунун аткаруучу директору Гүлшайыр Абдирасулованын айтымында мисал катары өнүккөн өлкөлөрдүн тажрыйбасын көрсөтүшүүдө. Тренинг шаардын ЖОЖдорунда кечээ күнү аяктап, эми эртең Ошто уланмакчы. (ESu)