Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:22

18:00 Таласта кендердин иштешине каршы камакта отурган 10 адамдын эки адамы бошотулду


ТАЛАС. Талас аймагынан чыкпоо тууралу тил каттын негизинде камакта отурган укук коргоочу Арзикан Момунтаева жана жаш лидер Серик Жолдашев бошотулду. Азыркы тапта дагы 8 адам камакта отурат. Кечээ күнү алардын 5 лидерлерине 333, 340, 341-статьялары коюлуп, прокуратура тарабынан санкция берилди. Бүгүн калган 3 адамдын иши каралып жатат. Жогорку Кеңештин депутаты Болот Шерниязов облустук ички иштер башкармалыгынын имаратынын алдында чогулган 500дөн ашуун элдин алдына келип, Алмаз Атамбаевди таш менен урдуруу провокациясын Шерниязов уюштурду деген сөздөр эл арасында айтылып жатканын айтып, өкмөт башчыны сындап кетти. Өкмөт башчы кырдаал тууралу комиссия түзүп, аны жетектеп Таласка келген Роза Отунбаева Алмаз Атамбаев Кыргызстандагы чечилбей келе жаткан бир топ маселелердин үстүнөн иштеп, аракет кылып жатканын элге маалымдады. (UA)

XS
SM
MD
LG