Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:13

18:25 Алабука районундагы кыргыз-өзбек чегара тилкесинде жаңжал болду


ЖАЛАЛАБАТ. 29-майда жаңжалдын чыгышына Өзбекстандын Наманган облусунун Яндикурган районуна караштуу Көкяр аттуу айыл тургундарынын Алабука районундагы Актам айылына караштуу жерге мал жайып чыгышы себеп болгон. Кыргыз чегарачылары өзбекстандыктардын малдарын алып чыгып кетүүсүн талап кылганда yамангандык жарандар жоокерлерди сөгүп ташбаранга алышкан. Натыйжада чегарачылардын бири асманга эки ирет эскертүү огун атууга аргасыз болгон. Ошондо гана өзбек жарандары өз өлкөсүнө өтө качышкан. Мындай маалымат Эл аралык толерантуулук корунун Аксы районундагы өкүлү Абдыраим Акматбеков менен Аксыдагы адам жана укук уюмунун төрагасы Нуркул Стамовдон алынды. Алардын айтымында жоокерлер өзбекстандыктардын бирин кармап алып уруп-тепкилешкендерин намангандыктар айтып беришкен. Шамалдуусай чегара отрядынын командиринин орунбасары Кайрат Матмусаев чегарада ок атылгандыгын жана өзбекстандыктардын токмоктолгонун ырастаган жок. (YA)

XS
SM
MD
LG