БИШКЕК. Кыргызстандын президенттик иш башкармасынын дарылоо жана ден соолукту чыңдоо бирикмеси премьер Алмазбек Атамбаевдин организминен белгсиз ууландыруучу зат табылганын билдирип, аны бирөөлөр уландырган деген түкшүмөлдү бышыктады. Кечээ таркатылган билдирүүдө " теги белгисиз гепатит" жөнүндө сөз болот. Өткөн аптада Атамбаев бир стакан суу ичкенден кийин эс учун билбей жыгылганын жана 2 күн бою тура албай жатканын билдирген. Парламент бул окуяны иликтегени жатат.