Өмүралиев атындагы айыл өкмөттүн башчысы Ырыскелди Ботиков Талас аймагынан сыртка чыкпоо тууралуу тил кат менен абактан бошотулганын жергиликтүү кабарчыбыз билдирди. Мындай тилкаттын негизинде кечээ укук коргоочу Арзыкан Момунтаева менен жаштар лидери Серик Жолдошбаев да абактан чыгарылган эле. Булар премьер-министр Алмаз Атамбаев Таласка барган учурда анын кортежине таш ыргыткан окуядан кийин камалган 10 адамдын катарында болчу.(SM)