НАТО күчтөрүнүн 7 аскеринин өмүрүн алган бул кырсыктын себептери азырынча белгисиз. Бул окуя үчүн жоопкерчиликти талибдер өзүнө алганы кабарланууда. Акыркы жумаларда НАТО командачылыгындагы коалициялык күчтөр бул аймакта талибдер менен айыгышкан уруш жүргүзүп келген.