Акцияны 1-июньда Жашылдар партиясынын жаштар канаты, “Жашыл Кыргызстан” жаштардын экологиялык кыймылы жана балдардын “Жашыл өлкө”экологиялык кыймылы уюштурушат. Балдарды курчап турган чөйрөгө аяр мамиле кылууга, жаратылышты коргоо тууралу ан-сезимди ойготууну максат кылган бул акциянын негизги демилгечиси - Жашылдар партиясы. Балдарды коргоо күнүнө карата кичи бөбөктөргө партиянын жаштар канаты тарабынан атайы белектер каралган. (ElenK)