Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Март, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 19:01

17:20 Кадамжай жана Лейлек райондорунун чегирткелер каптаган жерлеринде тазалоо иштери жүрүп жатат


БАТКЕН. Бул тууралу “Азаттыкка” Баткен облус акимчилигинин агрардык секторунун башчысы Мунарбек Добутов 31-майда маалым кылды. Кадамжай районунун Маркас, Майдан, Орозбеков, Актурпак жана Лейлек районунун Кулунду, Жаңыжер айыл өкмөттөрүнүн жалпы аянты 15 миң 355 гектар болгон жер аймагы чегирткелердин чеңгелинде калган. Баткен райондор аралык өсүмдүктөрдү коргоо жана карантиндөө инспекциясынын начальниги Юсуповдун кабарлоосунда учурда талааларды жана жайыттарды зыянкечтерден арылтуу иштерине чегирткеге каршы экспедиция башкармалыгы, Aгрохимсервиз жана бир АН-2 учагы тартылган. (SA)

XS
SM
MD
LG