ЧУКУЛ КАБАР!
10-Ноябрь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:54

11:44 Барскоондуктар Талас облустук милициясына киргизилди

«Карек» бейөкмөт уюмунун башчысы Эркингүл Иманкожоева баштаган сегиз өкүл камакта отурган укук коргоочуларга тилектештик билдирип, кечээ Таласка барышкан. «Азаттыктын» Таластагы кабарчысынын маалыматына караганда, бүгүн Талас облустук ички иштер кызматынын алдында тургандар менен жолугушуу маалында аларды милиция кызматкерлери имараттын ичине алып кирип кетишти. Себеби түшүндүрүлө элек. Учурда милиция имаратынын алдында жүзгө чукул киши камактагыларды бошотууну талап кылып турушат. 26-майдагы окуя боюнча он киши камакка алынып, алардын үчөө тил кат аркылуу убактылуу бошотулган. Кармалгандарга баш аламндыкты уюштурду жана бийликке кол көтөрдү деген айып коюлууда. (BuS)
​
XS
SM
MD
LG