Тышкы иштер минстрлиги алдында түзүлгөн акылмандар кеңеши ШКУнун Кыргызстанда өтчү саммитинин күн тартиби, анын ички жана тышкы саясатка болгон таасири тууралуу кеп-кеңеш куруу үчүн чогулушту. Жыйында акылмандар Кеңешенин төрагасы шайланып, 2007-жылдагы иштеринин тематикасы да такталмакчы. Акылмандар Кеңешенинин өкүлү саясатчы, дипломат, Борбордук Азиядагы Америка университетинин вице-президенти Бакыт Бешимовдун маалымдашынча, бул Кеңештин мааниси чоң. Анткени ички жана тышкы саясатта ар кандай маанилүү иш-чараларды өткөрүүдө тиешелүү адистердин, көз карандысыз коомдук ишкерлерден пикирин алуу, билүү тышкы жана ички саясаттын философиясын байытат. (EBM)
12:40 Акылмандар кеңеши биринчи жыйынында Кыргызстанда өтчү ШКУнун саммити талкууланып жатат