Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:44

14:11 Парламенттик угуу энергетика тармагы боюнча резолюция кабыл алды


Резолюцияда «Токтогул ГЭСтеринин каскадынын жана жогорку вольттуу электр өткөргүчтөрдүн өзгөчө макамы жөнүндөгү мыйзам долбоорун» Жогорку Кеңештин сессиясына сунуштаган чечимин кубаттады. Отун энергетика комплекси жана суу реурстары боюнча комитет уюштурган парламенттик угууга премьер министр Алмаз Атамбаев баштаган өкмөт мүчөлөрү катышып, суроолорго жооп беришти. Инвестициянын келишин тездетүү максатында өкмөт сунуштаган долбоор 22-майдан бери депутаттар арасында кызуу талкуу жаратып келатат. Депутаттардын улуттук кызыкчылыгына каршы келет деп эсептеген бөлүгү Камбарата ГЭСтеринин көзөмөл пакет акциясы Кыргызстанда болуп, ал 51%тен кем болбошу керек деген талап коюшууда. ГЭСтерди куруу максатында түзүлөрү күтүлүп жаткан биргелешкен ишканада Орусия менен Казакстандын үлүшү 33%, Кыргызстандыкы 36% болууда. Мындай ниеттеги протоколго тараптар мурда кол коюшкан. Жогорку Кеңеш аталган долбоорду дүйшөмбү күнү карай баштайт. (BuS)

XS
SM
MD
LG