Укук коргоочу Азиза Абдырасулова, маркумдун биртууганы Калыбек Акуновдун бүгүн уюштурган маалымат жыйынында кысым көрсөтүлгөндөрдүн бири арыз менен прокуратурага кайрылганын кабарлады. Ага милиция кызматкерлеринин биринин түн ичинде үйүнө келип коркутуп, маркумга байланышкан көрсөтмөсүн кайра албаса, ага каршы башка себеп менен кылмыш козготоорун эскерткен. Милициянын карамагында болгон Акылбек Сакеев аттуу нарындык тургун да буга чейин таяктын уусунан каза болгон деп билдирди. (BuS)