Алар Таластан чыкпоо тууралуу тилкат беришти. 26-майдан кийин камакка алынган он адамдын үчөөнө карата баш коргоо чарасы кечээ өзгөртүлүп, бошотулган болчу. Аталган жарандарга баш аламандыкты уюштурду жана мамлекеттик ишмерлерге кол көтөрдү деген айып тагылууда. Жерүй алтын кенин иштетүүгө каршы нааразылык акциясын өткөрүп жаткандар премьер министр Алмаз Атамбаев Талас облусуна иш сапарына барган учурунда автоунааларды көздөй таш ыргытылган. (BuS)
18:16 Талас облустук ички иштер башкармалыгынын камагында отурган жети адам камактан чыгарылды