Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:10

18:18 Нарын шаарында Борбор Азия университетине бөлүнгөн жер талашка түшүүдө


Нарын шаарында болгон жыйынга шаар мэри Бейшенаалы Боогачиев, аталган университеттин жетекчилери катышып Төшбулак аймагынын жашоочуларынын суроолоруна жооп беришти. Университетке башка жактан жер берилсин деп демилге көтөргөн курамына ар кандай саясий партиялар, бейөкмөт уюмдардан 30га чамалаш кирген “Биримдик” ассоциациясынын жетекчиси Тойчубек Айдаралиев университет 251 гектар жерди 2004-жылдан бери өздөштүрбөй, кайсы бир беделдүү адамдар ижарага берип пайда таап жаткандыктан гана башка жактан жер берилсин деген талап коюлуп жатышканын айтты. Университеттин кампусунун жетекчиси Таалай Карыпбеков имараттардын генпланы аяктаганын, ушул жылы курулуш башталарын, жергиликтүү эл жумуш менен камсыз болоорун айтты. Чогулгандар эки тарап болуп жаатташып бир сааттан ашык убакыттан соң тарап кетишти. (JI)

XS
SM
MD
LG