Майрамдык шаан-шөкөт облустук Барпы театрынын айланасы менен Токтогул атындагы сейил бакта өттү. Ага 500дөн ашык адамдар жана балдар, ата-энелер катышты. Балдардын сүрөт көргөзмөсү уюштурулду. Президенттик администрациянын уюштуруу бөлүмүнүн башчысы Кубаныч Жолдошев президенттин атынан Жалалабат шаарындагы №1 жана №9 орто мектептер менен облустук балдардын ревматологиялык санаторийине кросс-комплекттер менен баалуу буюмдарды тапшырды. Облустук мекеме, уюмдар психоневрологиялык диспансерде төшөктөн тура албай жаткан өспүрүмдөр менен Сузактагы жетим балдар үйлөрүнөн кабар алышып, кайрымдуулук жардамдарын беришти. (YA)