"Кыргызстан коммунисттери" партиясы жана Жаштардын либералдык прогрессивдик партиясы уюштурган митингге жүзгө жакын адам катышууда. Алар колдоруна “Американын базасы кетсин!”, “Бизге таза аба керек”, “Иран, Ирак согушуна жок!”, “Манас аба базасы жарандык учактар үчүн гана колдонулсун”, “Кыргыз жаранын өлтүргөн жоокер жоопко тартылсын” деген чакырыктар жазылган плакаттарды кармап турушат.