Кабарчыбыздын маалыматына ылайык, 200дөн ашуун адам катышып жаткан курултай Горький эстелигинин жанында өтүп жатат. Катышуучулардын арасында Бириккен фронттун лидери Феликс Кулов, “Ар-Намыс” партиясынын лидери Эмил Алиев, Ош облусунун мурдагы губернатору Анвар Артыков бар. Курултайдын катышуучулары резолюция даярдап жатышат. (ZMa)