КИЕВ. Украин парламенти 30-сентябрда эрте парламенттик шайлоо өткөрүүгө жол ачкан мыйзамдар топтомун кабыл алды. Шайлоо өткөрүү макулдашуусу президент Виктор Ющенко менен премьер Виктор Януковичтин ортосунда 27-май күнү жетишилген. Бүгүнкү добуш берүүлөрдө ошондой эле шайлоону каржылоого бюджеттен акча бөлүү жана Борбордук шайлоо комиссиясынын курамын өзгөртүү чечимдери кабыл алынды.