КАБУЛ. Бүгүн Ооганстандын Газни провинциясында талибан куралдуу тобу полиция башчысынын үйүнө кол салып, натыйжада полиция менен талибтердин ортосунда чыккан ок атышууда 10 талиб курман болду. Кол салган талибдер полиция башчысынын аялын, эки уулун жана эки жакын тууганын өлтүрүп кетишти.