“Кыргызтамекиси” мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Жаңыбай Жамшитовдун маалыматы боюнча талаа иштерин жүргүзүүгө, минералдык жер семирткичтерди жана күйүүчү май сатып алуу үчүн инвесторлор тарабынан үстөк пайызсыз насыя акча берилди. Тамеки талааларын сугат суу менен камсыз кылуу үчүн фермерлерге 297 миң сом, тамеки үрөнүн сатып алууга 272 миң сом берилген.
Ал эми “Тамеки жана пахта өстүрүүчүлөр” партиясынын жетекчиси Алмазбек Сырановдун айтуусунда айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлиги бул жагдайда дыйкандарга ат үстүнөн мамиле жасап жатат. “Дыйкандар пахта менен тамекинин баасы быйыл кандай болорун билишпейт, ошондуктан, бул жылы күзүндө да алар өстүргөн түшүмүн кайда сатарын билбей кыйналышат",-деп белгиледи Алмазбек Сыранов. Анын айтуусунда мамлекет жыл сайын баа саясатын өзгөртүү тууралуу убаданы берет да, мезгили келгенде аны эсинен чыгарат.