Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:37

18:36 Кыргызстанда “Демократия жана Жаштар” аттуу долбоор ишин баштады


Мындай долбоор “Интербилим” коомдук бирикмеси тарабынан демилгеленип, Европа Комиссиясы тарабынан каржыланууда. Долбоор, Кыргызстандык жаштардын өлкөдөгү демократиялык процесстерге болгон кызыгуусун өнүктүрүүнү көздөйт. Долбоордун алкагында катышуучулар үчүн тренингдер жана иш жүзүндө сабактар өткөрүлөт. Ал эми тренингдердин темалары: укук коргоо, жараандардын кызыкчылыктарын жана эркиндиктерин колдоо, лидер жана лидер болуу, гендер жана өнүктүрүү, окутуунун интерактивдик ыкмалары, шайлоого болгон укук жана мамлекеттик түзүлүштүн негиздери. “Интербилим” борборунун билдириши боюнча “Демократия жана Жаштар” долбоорунун өзгөчөлүгү, бул он сегиз жаштагы жаш жараандарга багытталгандыгы. (ESu)

XS
SM
MD
LG