Бул иш сапардын алкагында АКШ менен Кыргызстандын ортосундагы эки тараптуу байланыштарды жана коопсуздук боюнча мамилелерди бекемдөөгө байланышкан сүйлөшүүлөр белгиленүүдө. Министр Роберт Гейтс ошондой эле Манас авиабазасында да болмокчу. Кыргызстандын коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары Камчыбек Курбаналиев Роберт Гейтстин катышуусунда АКШнын Бишкектеги аба-аскерий базасына байланышкан маселе талкууланышы күтүлүп жатканын буга чейин «Азаттыкка» билдирген.(SM)