Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 03:45

Австрияда Рахат Алиев кепилдик менен абактан бошотулду


Вена прокуратурасынын өкүлү кепилдиктин өлчөмү 1 миллион 300 миң долларды түзгөнүн билдирди. Казак президентинин күйөө баласы Рахат Алиев Австрияда аны Казакстанга өткөрүп берүү маселеси чечилгенче турууга милдеттүү. 26-майга чейин Казакстандын Австриядагы элчиси болуп келген Рахат Алиев өткөн жума күнү казак тараптын суранычы менен Венада камакка алынган. Ага Казакстандын ири банктарынын биринин жетекчилерин уурдоого жана уюмдашкан кылмыштык топко катышы бар деген айып тагылууда.

XS
SM
MD
LG