Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:45

10:51 Бириккен фронтту куугунтуктоо уланууда

Бул тууралуу депутат Мелис Эшимканов парламентте билдирди. Анын айтымында, ишемби күнү Спорт ордосунда Бириккен фронт элдик жыйын өткөрүү үчүн алдын ала макулдашканга карабастан, милиция жыйынга келгендерди имаратка киргизбей койгон. Ошондой эле «министр Ногойбаевдин колунан мегафонду жуласың деп ардагерди камап жатышат". Ошондуктан, депутат баш прокурор Сатыбалдиев, ички иштер министри Суталинов, Коопсуздук комитетинин төрагасы Суталинов келип, апрель сабактары боюнча парламентте маалымат берүүнү сунуш кылды. (BuS)
XS
SM
MD
LG