АКШнын Кыргызстандагы элчилигинен алынган маалыматка караганда, АКШнын коргоо министри Роберт Гейтс бүгүн Ооганстан аркылуу Бишкекке келери күтүлүүдө. Иш сапардын учурунда министр президент Курманбек Бакиев жана коргоо министри Исмаил Исаков менен жолугушаары жана «Манастагы» америкалык аба-аскерий базага барары болжолдонгон.(BuS)