Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:23

КӨЛ КЫЛААСЫНАН УРАН КЕНДЕРИН ТАБЫШКА КИМДЕР КЫЗЫКДАР?


Көлдүн тескей жээгиндеги Барскоон, ошондой эле Көкөмерен тоосунда уран кенин чалгындоо иштерин жүргүзүүгө уруксат алган британиялык Tau Mining Ltd. фирмасынын акцияларын канадалык Dynamite Resources Ltd. компаниясы 36,6 миллион долларга сатып алып, кен иликтөө иштерине деле ошончо өлчөмдөгү акча сарптоого ниеттенип жатканын маалымдоо каражаттары кабарлады. Мындан аз илгери австралиялык Monitor Energy компаниясы Көлдүн «Калмаксуу” деген жеринен уран кенин чалгындоого уруксат алганы маалымдалган.

Адистердин ырасташынча, Кыргызстанда уран кендерин иштетүү өткөн кылымдын 60-жылдары эле токтотулган. Азыр андан 2,5 миллион кубметр үйүлгөн уулуу калдык 20 жерде тоо болуп турат.

1958-жылы опсуз экологиялык кырсыкты башынан кечирген Майлысуу дүйнөдөгү эң уулуу радиациялык аймак катары Фергана өрөөнүндө жашагандарды кабатырлантууда.

Антип Кыргызстан 20 жыл ашуун казылып алынган уран кендеринин калдыгын кантип зыянсыз кылуу проблемасына башын катырып турган чакта дүйнөлүк базарда урандын баасы көтөрүлүп, атомду тынчтык максатка колдонуу күчөй баштады. Экономикалык жагынан ыкчам өнүгүп бараткан өлкөлөр атом электр станцияларын арбын курууга өтүштү.

Мына ушул жагдай тоокенчилердин Кыргызстанга кызыгуусун шарттаганын профессор Кубат Осмонбетов мындайча түшүндүрөт.

- Азыр экологиялык таза деп атом энергетикасын өнүктүрүп жатышпайбы. Ал эми биздеги кендерди азырынча 30 миллион сомго сатышка деле мүмкүнчүлүктөрү жок.

Геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттигинин директор орунбасары Наби Эшназаровдун айтуусунда, айрым маалымдоо каражаттарында кабарланган компаниялар лицензия алышкан эмес.

- Жанагы маалыматта көрсөтүлгөн компаниялар бизден лицензия алышкан эмес. Ошол Интернетке чыккан компанияларды биз уккан деле эмеспиз. “Көкөмеренге”, “Барскоонго” дагы изилдөө-иликтөө иштери үчүн лицензия берилген. Ошого гана лицензия алышкан. Жанагы Интернетке чыккан маалыматтардын биртобу туура эмес. Ушундай кен байлыктар 300 тонналык, тигиндей-мындай деп жатышпайбы. Ушулардын баары туура эмес. Сатышыптыр дейт. Эми саткандарын билбейбиз. Жанагы аталган компанияларды билбейбиз. А бирок, ал жакка башка компаниялар лицензия алышкан. Алардын аты башка – “Гамалонг”, “Алфазонг”, ушундай. Булардын акциялары менен иштеген жумуштары бардыр, балким. Булардын акциялары бар да. Ошолордун иштеген жагдайлары бардыр. Бизге маалыматтар кайдан алынганы түшүнүксүз.

Н.Эшназаров кен чалгындоо иштерине уруксат алган компаниялардын баары эле лицензиялык шарттарды толук аткарбайт, деп билдирди. Ошол себептүү ушу тапта Геология жана минералдык ресурстар мамлекеттик агенттиги чалгындоо иштерин жүргүзүп жаткан компаниялардан прогрессивдүү лицензия жыйымдарын алуу жагын ойлонуштурууда.

Эгер ал кирип калса, лицензия акысы жыл сайын жогорулагандан жогорулай бермекчи. Буга кошумча, эгер лицензия алган компаниянын негиздөөчүлөрү өзгөрүп кетсе мыйзам тартибине ылайык тийиштүү мамлекеттик мекемеге сөзсүз кабарланат. Н.Эшназаровдун ырасташынча, “Барскоон” менен “Көкөмеренден” уран кенин чалгындап жаткан компаниялардан азырынча андай маалымат келип түшө элек.

- Бирок, ошол эки аянт лицензияланган. “Барскоон” дагы, “Көкөмерен” дагы. Алардын ээлери башка. Жанагы маалыматта жазылгандар эмеc. Ал компаниялар бизде жок.

Кандайынан келгенде да “Барскоондун” 30 чарчы чакырым, “Көкөмерендин” 839 чарчы чакырым жеринен изделип жаткан уран кенге байланышкан иштер Көлдө жуп туристтик сезон башталар алдында маалымдоо каражаттарына калкып чыгышы биртоп бүдөмүк суроолорду жаратпай койбойт. Анын бир себебин профессор К.Осмонбетов мына бул жагдайга байланыштырат.

- Алган кишилер бөлөк максат менен алып жатат.

Н.Эшназаровдун айтуусунда, азырынча кен чалгындоо иштери гана жүргүзүлүүдө, ал жерлерден уран чыгабы-жокпу, ал азырынча белгисиз.

Көл кылаасы ЮНЕСКОнун өзгөчө камкордукка алынчу биосфералык аймак катары жарыяланып, анын кайталангыс экосистемасына терс таасирин тийгизчү иштерди жасоого тыюу салынган. Эмнеликтен ал жерде уран кенин чалгындалып жатканы чынында эле табышмак.

XS
SM
MD
LG