Парламент кечээ «Токтогул каскадындагы ГЭСтердин өзгөчө макамы жөнүндөгү» мыйзамдын алкагынан Камбарата ГЭСтерин жана Бишкек ТЭЦин чыгаруу маселесин кароого киришкен. Кечээ өкмөт башчы менен өнөр жай жана отун-энергетика министринин аталган ГЭСтерди куруунун шарты, жол-жобосу боюнча маалыматын угушкан депутаттар бүгүн бул маселе боюнча жарыш сөзгө чыкмакчы. Эгер бул долбоор кабыл алынса аталган ГЭСтерди куруу максатында Орусия, Казакстан жана Кыргызстан ортосунда биргелешкен ишкана түзүүгө жол ачылмакчы. (SM)
7:40 Жогорку Кеңеште бүгүн Камбарата ГЭСтеринин тагдырына байланышкан маселе боюнча талкуу уланат