Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:53

БОРБОР АЗИЯ БАШЧЫЛАРЫНЫН КИТЕПТЕРИ


Айгүл Жунушалиева, Прага Өткөн айда Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедовдун өлкө башчысы катары жазган алгачкы китеби жарык көрдү. Борбор Азия мамлекеттеринин башчыларынын көбү бир эмес, бир нече китептердин авторлору. Алардын эмгектери сатыкка коюлуп, президентке карата сый-урматын билдирүүнү каалаган аткаминерлердин текчелеринде тизилет.

Түркмөнстандын биринчи президенти Сапармурат Ниязов көзү тирүү кезинде көптөгөн китептерди жазган. Анын эң белгилүү “Рухнама” эмгеги мектеп окуучулар менен студенттерге кадимки сабак катары эле окутулчу. Учурдагы президент Гурбангулы Бердымухаммедов президенттик тактыга отурган соң 4 ай өткөндөн кийин эле саламаттыкты сактоо сиситемасына арналган алгачкы китебин жазып чыкты. Түркмөнстандагы массалык маалымат каражаттар өлкө башчысынын китеби эми студенттер менен окутуучулар арасында чоң талкууга алынат дешүүдө.

Ал эми Өзбекстанда жогорку окуу жайлардагы бүтүрүү экзамендери жакындаган сайын президент Ислам Каримовдун китептери эң жакшы сатыла баштады. Анткени, бүтүрүүчүлөр диплом алаардын астында өлкө башчысынын китеби боюнча тест тапшыруулары керек. Атын атагысы келбеген Ташкендик китепканачы президенттин эмгектери студенттер арасында өтө популярдуу деген оюн айтат

- Бизде Каримовдун 11 китебинин электрондук түрү бар. Студенттер негизинен ушуларды сатып алышат. Улуу муундагылар көбүнесе китептин өзүн кандайдыр бир илимий иштерине керектөө үчүн алышат.

Өзбекстанда жогорку окуу жайга тапшырууну каалаган мектеп бүтүрүүчүлөрү да Каримовдун китептери боюнча тест тапшыруулары керек. 1989-жылдан бери өлкө башчысы болуп келе жаткан Каримовдун ички жана тышкы саясат, тарых жана маданият тууралуу ондон ашуун китептери жарык көргөн.

Өзбек журналисти Абдрахмон Ташановдун айтымында президенттин китептерин басып чыгарууга мамлекеттен миңдеген суммадагы каражаттар жумшалат.

- Менин эсептерим боюнча Өзбекстанда жашаган 27 миллион адам бирден Каримовдун китебин алса, дагы 4 миллиону калмак. Өз убагында керек болсо Владимир Ленин менен Леонид Брежневдин мынча көп китептери чыгарылган эмес. Каримовдун китептери менен 123 темир жол вагондорун толтурууга мүмкүн.

Таджикистанда болсо жергиликтүү аткаминерлердин ар бири президент Имомоли Рахмондун китептерин окубаса да текчелеринен коюшат дешет. Бирок,
демократтар партиясынын лидери Рахматолло Валиевдин айтымында, чиновниктер Рахмондун эмгектерин сөзсүз түрдө окууга милдеттүү эмес.

- Бизде ар бир чиновник Рахмондун эмгектерин окууга тийиш эмес. Биз андайга жете элекпиз.

Борбор Азия мамлекеттерини башка президенттери да бир топ эмгектерди жазышкан. Мисалы, коңшу Казакстандын башчысы Нурсултан Назарбаев, Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев.

Деген менен Борбор Азияда эч ким эч качан өлкө башчысынын китептерин ачык сындап көргөн эмес.
XS
SM
MD
LG