Учурда ал Кыргызстандын коргоо министри Исмаил Исаков менен жолугушууда. Бул сүйлөшүүдө эки өлкө ортосундагы аскерий кызматташтыкка байланышкан маселелер талкууланып жатат. АКШ коргоо министри андан кийин өкмөт үйүндө президент Курманбек Бакиев менен жолугушмакчы. (SM)