Учурда Жалалабат облусундагы Майлуу Суу электр лампа заводунун алдына беш жүз чамалуу адам чыгып, завод жетекчилигине нааразычылык билдирип жатышат. Бул тууралуу нааразычылык акциясынын күбөсү Каландар Саидов «Азаттыкка» билдирди. Алар февраль айынан бери эмгек-акылары төлөнбөй жатканына нааразычылык билдиришүүдө. Алардын алдына заводдун жетекчилиги чыгып, сүйлөшүүлөрдү башташты.(IJz)
10:30 Майлуу Суу электр лампа заводунун алдына беш жүз чамалуу адам нааразылык акциясына чыгышты