Бакиев экономикада алга жарып чыгууну камсыз кыла турган комплекстүү чараларды кабыл алуу зарыл экенин, анын биринчиси мыйзам чыгаруу боюнча иш-чаралардын комплекси экенин айтты. Президент бул маселени парламентте бир нече жолу көтөргөнүн, бирок жоопсуз калып жатканына кабатыр экенин билдирди. “Өкмөт иштөөгө даяр. Ага биздин эконмикабызды өнүктүрүү үчүн укуктук механизмдер керек” деди, президент парламентте сүйлөгөн сөзүндө. Андан соң ишти алга жылдыруу депуттарга гана байланыштуу болуп турганын, сөз чечүүчү тармактарга инвестиция тартуунун мыйзамдык негиздери, энергетикалык секторду мамлекеттен ажыратуу жөнүндө болуп жатканын, Нарын жана башка даряларга ГЭСтерди тез арада куруу өлкө келечегин аныктаарын жана бул иштер инвесторлорсуз ишке ашпай турганын кошумчалады. (EBM)