Бул маселе боюнча бүгүн кыргыз өкмөтү жыйын өткөрмөкчү. Премьер-министр Алмаз Атамбаев казак тарап өкмөттүн жыйынына цемент менен шифердин чыгарып сатууну иретке келтирүү боюнча өз сунуштарын бергени жатканын ушул дүйшөмбүдө парламентте билдирген. Буга дейре Жогорку Кеңештин айрым депутаттары өлкөдө цемент менен шифердин баасы кескин кымбаттап кеткенине, бул курулуш материалдары Кант цемент-шифер ишканасынан Казакстанга ташылып жатканына тынчсыздануу билдиришип, аны тышка ташууну токтото туруу сунуштарын айтышкан.(SM)