Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:56

14:34 Кызылкыя цемент заводун мамлекеттин күчү менен куруу сунушталууда


Заводду куруу үчүн мамлекеттин кепилдиги менен кредит алууну каржы министри Акылбек Жапаров сунуштап жатат. Маалым болгондой, Кытай бул долбоор үчүн 70 миллион доллар бөлүүгө даярдыгын билдирген. Ортодо кепилдикти казак банктары бермекчи болгон. Бирок казак банктары акыркы мезгилде кепилдик берүүдөн баш тарткан. “Ошондуктан бул насыяны мамлекеттин кепилдиги менен алып, Кызылкыя цемент заводун курууну башташыбыз керек”, деп белгиледи Акылбек Жапаров бүгүн өкмөт жыйынында. Өнөр жай жана отун-энергетика миинстри Игорь Чудиновдун маалыматы боюнча, Кызылкыяда учурда куруу иштери улантылып жатат. (AiT)

XS
SM
MD
LG