Бүгүн Гамбургда кыскаметраждуу тасмалардын 23-чү Эл аралык фестивалы өз ишин баштады. “Айтыш фильм” студиясы тарабынан тартылган “Парз” тасмасы Европанын абройлуу деп эсептелген фестивалына катышуу укугуна ээ болгон. Дүйнөнүн төрт бурчунан фестивалга катышуу үчүн жиберилген 3 миңден ашуун даректүү, кыскаметраждуу жана оюн тасмалардын ичинен мыкты деп 48и тандалып алынган. Режиссер Темир Бирназаров жана продюсер Садык Шер-Нияз тарабынан тартылган “Парз” тасмасы 15-июнда Санкт-Петербургда өтө турган “Адамзатына кайрылуу” деп аталган фестивалга дагы катышат. “Парз” тасмасында элеттик адамдын тагдыры аркылуу улуттук каада-салттардын мааниси чагылдырылган. (ZMa)
15:37 Продюсер Садык Шер-Нияздын “Парз” тасмасы Европанын эки кинофестивалына жолдомо алды