Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:37

Республикачыл партиянын президенттикке талапкерлери Ирак жөнүндө


Республикалык партиядан 2008-жылкы шайлоодо АКШнын президенттигине талапкер болууну көздөгөн саясатчылар Жорж Буштун Ирактагы согуш боюнча саясатын сынга алышты, бирок аскерлерди ал жерден тез чыгаруу жөнүндөгү чакырыктарды четке кагышты. Мындай пикирлер президенттике талапкер болууну көздөгөн саясатчылардын талкуусунда айтылды. Коомдук пикирди сурамжылоонун жыйынтыктары Республикалывк партиянын талапкерлери ичинен Нью-Йорктун мурдагы мэри Рудольф Жулиани менен сенатор Жон МакКейн алдыда экенин көргөзүүдө. Бул эки саясатчы тең Ирактагы согушту ийгиликсиз аяктоо Кошмо Штаттардын коопсуздугуна коркунуч келтирет деп эсептешет.

XS
SM
MD
LG